Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Фото — Кайык менен каттап, электр жарыгы жок жашаган Кызыл-Бейит айылынын элине күндөн энергия алуучу жабдыктар орнотулат

Turmush -  Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл аймагынын Кызыл-Бейит айылына күндөн электр жарыгын алуучу жабдык орнотулары күтүлүүдө. Бул тууралуу Ак-Жол айыл аймагынын башчысы Бердалы Мырзакулов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт күндүн энергиясы менен иштөөчү электр чордондор менен жабдуу маселесин кароодо.

«Өкмөттүн колдоосу, Экономика министрлигинин багыт көрсөтүүсү менен эл аралык уюмга долбоор жазылган. Долбоор колдоо тапты. Ушул жылдын март айында күндөн энергия алуучу аппаратты коюп, сынап кетишти. Буйруса жай мезгилдеринде ар бир түтүнгө башкача айтканда 80ден ашуун түтүндүн ар бирине 100 миң сомдук аппараттар орнотулат. Анын ичинде бир муздаткыч, бир телевизор, движок жана 6 лампочкасы менен берилет. Чырактан көрө ушул жабдыктар деле жакшы да. Убактылуу болсо да калк көйгөйү чечилет», - дейт айыл өкмөт башчы.

Ал эми «Жалалабатэлектро» ААКтан алынган маалыматка таянсак, быйылкы жылы аталган мекеменин кызматкерлери Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин адистери менен айылга электр энергиясын жеткирүүнүн багыттары боюнча жеринде иликтөө жүргүзүштү. Натыйжада, адистер айылга аба чубалгыларын тартып, көмөк чордон орнотуп, электрлештирүүгө 180 миллион жумшалаары такталган.

«Өкмөт күндүн энергиясы менен иштөөчү электр чордондор менен жабдуу маселесин кароодо. Бул аппаратты адистер айылга алып барып, сыноодон өткөрүп келишкен», - дейт аталган мекеменин басма сөз кызматы.

Кызыл-Бейит айылы Күрп-Сай ГЭС курулгандан кийин башка аймак менен байланыштыруучу жолу суу алдында калган.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, 1978-жылдары ГЭСтер ишке кирген маалда айылды байланыштырган жол суу алдында калган. Ошол жылдан бери айыл жашоочулары Нарын суусунан кайык менен өтүшөт. Андан ары карай дагы 5 чакырым жол жүрүп, айылга жеткенге чейин 22 кечүүдөн, 6-7 көпүрөдөн өтүшөт. Суу көп кирген маалда каттам кыйындайт.

Аталган айыл Кургокту жана Кызыл-Бейит болуп бөлүнүп, 70 түтүндө 400гө жакын жашоочу бар. Бул айылда бала бакча, мектеп, ФАП сыяктуу социалдык объекттер, электр энергиясы да жок. Базарга баруу үчүн негизинен Таш-Көмүр шаары менен Кара-Көл шаарынын ортосунан Ош—Бишкек жолуна чыгышат.

Айылда негизинен эчки кармалат. Себеби, айыл эчки багууга ылайыкташкан. Эл мал-жандыктарын да кайык менен алып өтүүгө аргасыз. Көпчүлүк ат менен бодо малды сууга сүздүрүп алып өтсө, кой, эчкилерди кайыкка жүктөшөт.

Тема боюнча:

24.06.2015Жол жоктугунан коңшу айылдарга кайык менен каттаган Аксынын Кызыл-Бейит айылы ГЭСтин жанында болсо да, электр энергиясы, ФАП жана мектеби жок (фото)
29.06.2015Айыл турмушу: Аксынын Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары мал жандыктары үчүн тоюттарды кеме менен Нарын дарыясынан алып өтүшөт (фото)
07.07.2015Айыл турмушу: Аксынын Кызыл-Бейит айылынын тургуну күнүнө 50 баш эчки саап, 20 литрден сүт алат (фото)
20.06.2017Аксынын унаа барбаган Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары медициналык кароодон өттү (фото)
12.07.2017Фото - Унаа каттамдын ордуна кайыкты колдонгон Кызыл-Бейит айылынын элине электр энергия берүү пландалууда
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 618
Көп окулду
×