Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Подполковник Насыр Иманбеков Кара-Көл ШИИБдин башчысы болуп дайындалды

Turmush -  Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп подполковник Иманбеков Насыр Майлыбекович дайындалды. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдашты.

Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини бүгүн, 10-апрелде Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары, полковник Марат Хаджиматов ШИИБдин жамаатына тааныштырды.

Насыр Иманбеков буга чейин Токтогул РИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип, былтыр Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн жетекчилик кызматына дайындалган.

Буга чейин Кара-Көл ШИИБдин башчысы Аркыт Нусубалиев кызмат ордунан бошотулганы маалымдалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1468
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×