Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы мугалимдер миграция көйгөйлөрүн, мектеп рэкетчилигин жоюунун жолдорун талкуулашты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында облустун бардык район-шаарларынан келген мугалимдер адам сатууга каршы форумга катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Форумдун жүрүшүндө мугалимдер миграция, адам сатуу көйгөйү жана мектептеги окуучулардын арасындагы рэкетчилик маселелерин талкуулашып, анын алдын алуу боюнча сунуштарын айтышты.

«Биздин театр форум 2012-жылы түзүлгөн, ага 20га жакын окуучу мүчө болгон. Алар мектеп турмушуна байланышкан көрүнүштөрдү сахналаштырып, башка мектептин окуучуларына тартуулашат. Мисалы, бүгүнкү өткөрүлүп жаткан жыйында мектептеги рэкетчилик маселелерин сахналаштырышты», - дейт форумдун уюштуруучусу Алтынай Жумабаева.

Ал эми Аксы районунан келген мугалим Гүлсина Баизова учурда окуучулар арасында рэкетчилик күч алганын жана аны алдын алуу үчүн мугалимдер менен ата-энелер тыгыз иштеп жатканын айтат.

«Бүгүнкү күнү облустун булуң-бурчунан жалпы 26 мугалим келди. Мында мектептеги рэкетчилик жана адам сатууга каршы ар кандай талкуулар болду. Учурда биз рэкетчиликтин алдын алуу үчүн мугалим, окуучу жана ата-энелер менен биргеликте тыгыз иштеп жатабыз. Анын акыбети кайтып жатат», - дейт Г.Баизова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 917
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×