Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Кара-Көлдөн быйыл ажылык сапарга 6 адам барат

Turmush -  Кара-Көл шаарынан быйыл ажылык сапарга 6 киши барат. Бул тууралуу шаардын баш имамы Бектен ажы Керезбаев билдирди.

Анын айтымында, ажылык сапарга 2 аял, 4 эркек киши барат.

«Быйыл ажылык сапарга барууга Кара-Көл шаарына 15 квота берилген. Ажыга баруучулардын документтери такталып, бир аял жолдошу, бирөөсү баласы менен бара турган болушту. Ажыга барып, кайра келүүнүн чыгымы 2 миң 890 долларды түздү. 15-июлдан баштап орозо аяктаса, 1-августтан баштап ажылык сапар башталат. Ажыга баруу ислам дининдеги 5 парздын бирине кирет», - деди Бектен ажы Керезбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 898
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×