Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абадда имамдар менен жол көзөмөлдөөчүлөр айдоочуларга адамдын жаны аманат экенин эскертишти (фото)

Turmush -  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте жол кырсыктарын азайтуу максатында «Адам жаны аманат» аталыштагы иш-чара өткөрүшүүдө.

Бул саамалык Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында өткөрүлүп, айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого чакырык ташташты.

«Иш-чаранын алкагында жол кыймылынын эрежелери көрсөтүлгөн буклеттер 130 айдоочуга, 200дөй жүргүнчүгө, ошондой эле 30дай жөө жүргүнчүгө таратылды. Имамдар адамдын, өзүнүн жаны аманат экенин айтышып, хадистерден мисал келтиришти», - дейт облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев.

Жыл башынан бери жол кырсыктарын алдын алуу багытында жалпысынан 28 түрдүү саамалыктар өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 706
Көп окулду
×