Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр дарыясынын жээги бекемделип жатат

Turmush -  Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтүндө Кара-Үңкүр дарыясынын жээги бекемделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-март күнү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында «Алтын-Булак» пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Суунун жээгин бекемдөө иштери бүгүн да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 272
Көп окулду
×