Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.04.2018 15:58 На русском

Кыргыз жаранына мамлекеттик чек арада ок атылып каза болгон жерден видео (+18)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Мамай аймагында Өзбекстандын аскер кызматкери Кыргызстандын жаранына ок чыгарган. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу көп узабай каза болду.

Ок атылган жерден тарылган видеотасма:

Окуя 7-апрель күнү болду. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Аксы районунун Курулуш айылынын 1984-жылы туулган тургуну Ф.М. Мамай аймагы тарапка бара жатканда ага ок атылган. Ф.М. алган жаракатынан улам Кербен шаарындагы ооруканада каза болду.

Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталып, окуя болгон жерде Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын офицерлер тобу жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугушту. Ошондой эле премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү түзүмдөргө чек арада өзбек тараптын катышуусунда болгон окуя боюнча дыкат териштирүү жүргүзүү тапшырмасын берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×