Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.04.2018 13:01

Кара-Көлдө мугалимдер арасында өткөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 6-апрель күнү мугалимдер арасында «Ден соолук-2018» аталышындагы спартакиада болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, спартакиадада волейбол, шахмат, стол үстүндөгү теннис жана ордо оюну боюнча шаардагы 6 мектептин мугалимдери күч сынашты. Спорттук мелдеш сергек жашоо образын жайылтуу жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган.

Волейбол мелдешинин жыйынтыгы:

1-орун — №3 Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдер командасы:

2-орун — №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин мугалимдери;

3-орун — К.Хуриев атындагы №5 мектептин мугалимдери.

Стол үстүндөгү теннис:

1-орун — №1 Т.Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясы;

2-орун — М.Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектеби;

3-орун — К.Хуриев атындагы №5 орто мектеп.

Ордо оюну:

1-орун — Туралы Темиров атындагы №6 мектеп;

2-орун — №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби;

3-орун — №1 Т.Сатылганов атындагы мектеп-гимназия.

Шахмат:

1-орун — Т.Сатылганов атындагы №1 мектеп гимназия;

2-орун — №2 Т.Темиров атындагы орто мектеп;

3-орун — Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби.

Мындан тышкары, «Эң мыкты волейболчу» наамына Болотбек уулу Нуржигит менен Орун Чукунова татыктуу болду. Ошондой эле эң мыкты жаш оюнчулар аныкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, грамота жана дипломдор тапшырылды. Спорттук иш-чараны Кетмен-Төбө айылындагы №5 К.Хуриев атындагы орто мектеп уюштурган. Мугалимдердин кийинки шерине спартакиадасынын кубогу №1 Токтогул атындагы мектеп гимназиясынын жамаатына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×