Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.04.2018 11:57 Жаңыланды: 07.04.2018 16:25 На русском

Бүгүн Аксыда өзбек чек арачысы кыргызстандык жаранды атып өлтүрдү

Turmush -  Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Мамай аймагында Өзбекстандын аскер кызматкери Кыргызстандын жаранына ок чыгарды.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Аксы районунун Курулуш айылынын 1984-жылы туулган тургуну Ф.М. Мамай аймагы тарапка бара жатканда ага ок атылган. Ф.М. алган жаракатынан улам Кербен шаарындагы ооруканада каза болду. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталып, окуя болгон жерде Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын офицерлер тобу жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү иш алып барууда. Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү абалдын себебин аныктоо үчүн жолугушуу өткөрүп жатат.

Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү түзүмдөргө чек арада өзбек тараптын катышуусунда болгон окуя боюнча дыкат териштирүү жүргүзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, учурда окуяны иликтөөчү ыкчам топ окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×