Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Сузакта жер көчкү коркунучунан улам 24 үй-бүлө мектептин имаратына көчүрүлдү (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагында жер көчкү коркунучу бар жерде жашаган 24 үй-бүлө Т.Байзаков мектебинин эски имаратына жайгаштырылды.

Райондук мамлекеттик администрациядан билдиришкендей, мектептин имаратына Маркай айылынан 11, Ачы айылынан 8 жана Сай айылынан 5 үй-бүлө көчүрүлдү.

«Мектептин имаратына жайгаштырылган үй-бүлөлөргө район акими баштаган бийлик өкүлдөрү «Кызыл ай» коому менен биргеликте материалдык жардам көрсөтүштү. Аларга күнүмдүк керектелүүчү буюмдар берилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 546
Көп окулду
×