Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 06.04.2018 20:48

Чаткалда 20 млн сомго курулуп жаткан бала бакчанын чатыры өрттөндү

Turmush -  Чаткал районунда бала бакча ишке кирбей жатып өрттөнүп, 1 млн 300 миң сом зыян келтирилди. Бул тууралуу райондун акими Канжар Эшалиев билдирди.

Анын айтымында, бала бакча 20 млн сомго курулуп жаткан.

«Бала бакча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн эсебинен курулуп жаткан. Ага 20 млн сом бөлүнгөн. Учурда анын чатырчасы өрттөнүп, 1,3 млн зыян келтирилди. Бирок келтирилген зыянды куруп жаткан компания калыбына келтирет. Бала бакча 75 балага ылайыкташып, заманбап типте курулуп жатат», - деди ал.

Өрттүн себептери азырынча аныктала элек. Бала бакчага электр жарыгы дагы тартылып кире элек.

Буга чейин Каныш-Кыя айылынын Кушбаев көчөсүндө бала бакчанын чатыры өрттөнүп кеткенин ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдаган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×