Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Базар-Коргондо Элдик апрель революциясынын 8 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун борбордук аянтында Элдик апрель революциясынын 8 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага «Элдик апрель революциясынын баатырлары» төш белгисинин ээлери, жабырлануучулар, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Каныбек Тилекеев жана район тургундары катышты.

Анда Элдик апрель революциясында курман болгон жарандар эскерилип, алардын эрдиктери айтылды. Ошондой эле революциянын катышуучуларына райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы берилип, «Элдик апрель революциясынын баатырлары» төш белгисинин ээлерине жана жабырлануучуларга сый тамак уюштурулду. Иш-чаранын алкагында тарыхчылар жана баяндамачылар катышкан илимий конференция өткөрүлдү. Андан сырткары, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондорго багышталып куран окутулду.

Ошондой эле райондук борборлоштурулган китепканада Элдик апрель революциясынын 8 жылдыгына байланыштуу даректүү бурч уюштурулуп, катышуучулар медициналык кароодон өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 983
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×