Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Эмилбек Абдыкадыров Ала-Бука районунун акими болду (фото, өмүр баяны)

Turmush -  Ала-Бука районунун акими болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Э.Абдыкадыров буга чейин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө бейөкмөт уюмдар менен иштешкен. 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин VII чакырылышына «Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган.

Ала-Бука районунун мурдагы акими Сонунбек Акбаралиев мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган болчу.

Кийинчерээк Ала-Бука районунун акими болуп дайындалган Эмилбек Абдыкадыровду өкмөттүн аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору Атай Алманбетов жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев акимиаттын жамаатына тааныштырышты.

Өмүр баяны

Эмилбек Абдыкадыров 1964-жылы Сузак районунда туулган.

Билими:

- 1986-жылы Новочеркасска политехникалык институтунда билим алган.

Эмгек жолу:

- 1992-жылы Жалал-Абад шаарында «Нур» ААКтын жетекчисинин орун басары;

- 1993-жылы Жалал-Абад облусу жана Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканаларынын иштерин жөнгө салуу боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары;

- 2007-2008-жылдары Майлуу-Суу шаарынын мэри;

- 2008-жылы Балыкчы шаарынын 1-вице-мэри;

- 2008-2010-жылдары «Жалал-Абад электр» ААКтын экономикалык директору;

- 2010-2012-жылдары Жалал-Абад облустук администрациясынын аппарат жетекчиси;

- 2012-2014-жылдары өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси;

- 2014-жылы БУУнун Өнүктүрүү программасынын Ош облусундагы аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча программасынын аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча эксперт;

- 2015-жылы Ош, Жалал-Абад облустары боюнча пилоттук жамааттардын бизнес жана сооданы колдоо борборлорун өнүктүрүү боюнча эксперт;

- 2016-жылы Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча програмасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча эксперт болуп иштеген;

- 2016-жылдан 2018-жылга чейин иштеген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1973
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 22 адам окуп жатат)
×