Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Ноокен райондук архивдин имараты өрт коопсуздук талаптарына такыр жооп бербегендиги аныкталды (фото, видео)

Turmush -  Ноокен райондук мамлекеттик архив кызматынын имараты өрт коопсуздук талаптарына таптакыр жооп бербейт. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Мамэкотехинспекциянын Ноокен, Майлуу-Суу шаарлары, Базар-Коргон району боюнча аймактык башкармалыгынын текшерүүсүндө өрт өчүрүүчү каражаттардын жоктугу, имараттын чатырындагы жыгач конструкцияларга өрткө каршы суюктуктар (химобработка) чачылбагандыгы, суу кампасы менен камсыз болбогондугу, электр жабдыктары жана ток өткөрүүчү зымдардын атайын лабораториялык сынактан өткөрүлбөгөндүгү аныкталды.

Мамэкотехинспекциянын адистеринин айтымында, аталган кемчиликтер тезинен жокко чыгарылбаса, кокус өрт апааты катталып кетсе имарат толугу менен өрттөнүп, жарандардын өмүрүнө да коркунуч жаралышы мүмкүн. Жеринде аныкталган кемчиликтер боюнча Мамэкотехинспекциянын Ноокен, Майлуу-Суу шаарлары жана Базар-Коргон району боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулуп, жетекчилигине тез арада кемчиликтерди жокко чыгаруу талабы коюлду. Андан сырткары, олуттуу кемчиликтери жана берилген көрсөтмөлөрдү өз убагында аткарбагандыгы үчүн 30 000 сом айып салынды.

Аталган райондогу архивде көп жылдык расмий жана башка иш кагаздар сакталып келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 991
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×