Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абадда өз алдынча кен казууда шагыл басып калган жаранды милиционерлер куткарышты

Turmush -  Ала-Бука районунда шахтада калган жаран куткарылды.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, 2-апрелде милициянын 102 кызматына жарандардын өз алдынча кен казууга аракет кылып жүргөндүгү боюнча түшкөн маалыматтын негизинде барган милиция кызматкерлери шагыл алдында калган жаранды куткарышкан. Ага биринчи медициналык жардам көрсөткөн соң, ооруканага жөнөтүлдү.

«1-апрелден 2-апрелге караган түнү Чаткал районунун Курулуш айылынын тургуну Бөрүбаев Акылбек шериктери менен өз алдынча кен казганы чыгышкан. Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл аймагында жайгашкан кен казуучу «Фулл Голд Майнинг рудник Иштамберды» ЖЧКга караган шахтага кен казганы кирип кетишип, 2-апрель күнү шахтадан чыгып келе жатышканда кум аралашкан шагыл алардын бирин басып калган. Окуя болгон жерге милициянын капитаны С.Каратаев, милициянын ага лейтенанты Ш.Мадраимов, тергөөчү, милициянын капитаны Н.Салиев, участкалык милиция Э.Чыналиев жана РИИБдин кызматкерлери барышкан. Алар шагыл басып калган жаранды чыгарышып, жасалма дем алдырып, биринчи медициналык жардам көрсөткөндөн кийин ооруканага алып барышкан. Бул окуя кылмыш каттоо китепчесине кокустук катары катталды», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, кен казуу үчүн 5-6 жаран чыккан. Алар бул окуя тууралуу милицияга маалымат беришкен.

Ал эми Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары Бектур Сагынбаевдин айтымында, шахтада шагыл басып калган адам өз алдынча кен казууга кирген.

«Бизге түшкөн маалымат боюнча 1-апрелден 2-апрелге караган түнү Чаткал районунун Курулуш айылынын тургуну Акылбек Бөрүбаевди шагыл басып калган. Аны милиция кызматкерлери жана кен казган фирманын кароолчулары куткарып, ооруканага жеткиришкен. Ал 1 күн ооруканада жатып, үйүнө чыгарылган», - деди ал.

«Фулл Голд Майнинг» ишканасы Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасына жакын Ала-Бука районунун аймагынан алтын кен казуу иши менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 584
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 20 адам окуп жатат)
×