Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.04.2018 10:52

Аксыда уурдалды делген ат Өзбекстандан табылып, ээсине кайтарылды

Turmush -  Аксы районунда уурдалып кетти делген ат Өзбекстандан табылып, ээсине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Жерге-Тал айылынын тургуну Анарбек Акбаралы уулу билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 23-мартында айылда 4 уй, 1 ат жоголгон.

«Жерге-Тал айылынан 14 күн мурда 4 уй, 1 ат жоголгон. Алардын ичинен 1 ат Өзбекстандан табылып, ээсине кайтарылып берилди. Жоголгон уйлар табылган жок», - деди ал.

Буга чейин Жерге-Тал айылында 2 үй-бүлөгө таандык 4 уй, 1 баш ат уурдалганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×