Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Облусту артка тарткан көрсөткүч: Сузакта сугат сууга болгон карыз 2 млн сомдон ашты

Turmush -  Сузак районунун сугат сууга болгон карызы 2 млн 31 миң сомду түзүп, облустук көрсөткүчтү артка тартып жатат.

Жалал-Абад бассейндик суу чарба башкармасынын маалыматына караганда, облустун аймагында сугат суу үчүн өндүрүлбөй калган карыз 2 млн 617 сомду түзөт. Бул төлөмдүн 2 млн 31 миң сому же жалпы карыздын 97,1 пайызы болуп саналат.

Маалыматта белгиленгендей, район-шаарлардын ичинен бир гана аталган райондо төлөм өндүрүлбөй жатат. Буга Атабеков айыл аймагындагы Бек-Абад суу пайдалануучулар ассоциациясынын карызы себеп болууда. Ал карыз 2016-жылдан бери өндүрүлбөй келет.

«Сугат сууга төлөмдөрдү кайтаруу маселеси облустук коллегияда да каралып, Атабеков айыл аймагынын башчысына эскертүү берилген. Дал ушул ассоциациянын сууга болгон карызы былтыркы жылдын башында 1 млн 600 миң сомду түзгөн. Ал эми быйылкы карызы 2 млн 31 миң сомго жетти», - деп айтылат маалыматта.

Сугат сууга болгон төлөм кыскартылбагандыгына байланыштуу бул иш сотко өткөн. Жыйынтыгында Жалал-Абад райондор аралык соту тарабынан Атабеков айыл өкмөтүнүн эсеби жабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 508
Көп окулду
×