Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Чаткалда «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Чаткал районундагы бала бакчаларда «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Мухаммедалы Эшназаров билдирди.

Анын айтымында, сынактын катышуучулары интеллектуалдык жана маданий билимин калыстардын сынына койду. «Тарбиячылар өзүн тааныштыруу, сабак өтүү, тест тапшыруу сыяктуу сынактардан өттү. Аталган сынак бала бакчалардагы тарбиячылардын билимин арттыруу жана аларга түрткү берүү максатында уюштурулду», - деди ал.

Сынактын жыйынтыгы:

- 1-орун — Салиха Жылдызбек кызы, Терек-Сай айылындагы «Айнуру» бала бакчасынын тарбиячысы;

- 2-орун — Калиса Оморова, Курулуш айылындагы С.Чондоева атындагы бала бакчанын тарбиячысы;

-3-орун — Гүлмира Эшимбетова, Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» бала бакчасынын тарбиячысы.

Кароо-сынакка Чаткал районундагы 11 бала бакчадан 11 кызматкер катышты. Райондо жалпы 14 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 455
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 24 адам окуп жатат)
×