Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Аксыда 2 чакан ГЭС куруу пландалууда

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө 150 кожолукту камсыз кылган 2 чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улук Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, эки айылдын элин камсыз кылуучу эки ГЭС куруу аракети көрүлүүдө.
«Кашка-Суу айыл өкмөтүнө кичи ГЭС куруу планын ишке ашырып жатабыз. Учурда инвесторлор келип, шарттарды көрүп кетти. Алар мамлекеттик мекемелерге электр жарыгын бекер берерин убадалап жатат. Эгер ГЭС курулуп калса, 150 түтүн үйдү камсыздайт деп болжолдоп жатабыз», - деди ал.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Тосту айылында электр жарыгы көйгөй жаратып келет. Айылда 50дөн ашуун кожолук жашайт. Чакан ГЭСтин бири Тосту айылына куруу пландалууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1035
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×