Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 04.04.2018 21:58

Аксы менен Өзбекстандын Наманган облусун байланыштырган чоң көпүрө жараксыз абалда (фото)

Turmush -  Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү менен Өзбекстандын Наманган облусунун Үч-Коргон районун байланыштырган чоң көпүрө толугу менен жарактан чыккан.

Жашоочулардын айтымында, чек ара ачылгандан кийин көпүрөгө кайра муктаждык жаралды.

«Эки өлкөнү бириктирген көпүрөдөгү каттам 15 жылга үзүлдү. Ал учурда жараксыз абалда. Чек аралар ачылып, көпүрөнү калыбына келтирүүгө убакыт келди. Буга чейин эки өлкөнүн жарандары ушул көпүрө аркылуу катташып турчу. Учурда көпүрөдөн өтүүгө болбойт. Анткени чек ара жабылганда анын бир тарабын бузушкан», - деди айыл тургуну.

Аксы району Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешет. Аталган көпүрө Нарын дарыясынын үстүнө курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×