Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Жаш талант: Тарткан сүрөттөрүн 1000 сомго саткан Ханбол С.Чокморовдой сүрөтчү болгусу келет (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун 15 жаштагы тургуну Ханбол Өмүш уулу келечекте Сүймөкул Чокморовдой даңазалуу сүрөтчү болууну эңсейт. Жаш сүрөтчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Жалал-Абад шаарында жайгашкан облустук жатак сүрөт мектеп интернатында Базар-Коргон районунун 1-Май айылынан келип окуйт. Ал сүрөттөрдү көрарманга өзгөчө ак, кара өң менен жеткирип берет.

«Сүрөт тартууга 3-классыман бери кызыгам. Негизи үйдө төрт бир туугандын кичүүсүмүн, агаларым сүрөт тартчу. Мен болсо мектептеги сүрөт сабагынан үйгө тапшырма берсе, көп учурда агаларыма тарттырчумун. Ошентип жүрүп агаларымдын тарткан сүрөттөрүнө кызыгып жүрүп, өзүм дагы сүрөт тартууга кызыгып кеттим. Мектепте 6-класска чейин андан кийин Жалал-Абад шаарындагы облустук жатак-сүрөт мектеп интернатында окуп жатам. Бул жердеги агайлар түстүү боёкторду жана калем менен гана сүрөт тартууну үйрөтөт. Мисалы үчүн мен көбүнчө калемди пайдалуу менен ар кандай портреттерди тартууну жакшы көрөм», - дейт ал.

Ал өзү тарткан сүрөттөрдү жакындарына белекке берип, айрым кезде аларды 1000 сомго чейин сатат.

«Биздин мектепте ар бир окуу жылында план коюлган. Ошол пландын негизинде сүрөт тартып, андан ашкан сүрөттөрдү тааныштарыма жана жакындарыма белекке берем. Ал эми айрым учурда өзүм тарткан сүрөттөрдү 1000 сомго чейин сатам. Учурда 8-класста окуйм, мектепти бүткөн соң Бишкек шаарындагы Көркөм сүрөт академиясына тапшырып, келечекте Сүймөнкул Чокморовдой белгилүү сүрөтчү болууну каалайм», - дейт Х.Өмүш уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 425
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 21 адам окуп жатат)
×