Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Turmush -  Ушул жылдын 4-апрелинен 6-апрелине чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука—Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол—Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92- чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 761
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×