Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Аксылык баатыр эне, физика мугалими С.Умарова олимпиадада 1-орунду алган окуучуларын кандай ыкма менен окутат? (фото)

Turmush -  Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы мектептин физика мугалими С.Умарованын окуучулары республикалык олимпиададан алдыңкы орундарды багындырууда. Элеттик мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 47 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келет.

«Мектепти бүткөн соң, Ош шаарындагы окуу жайлардын бирине тапшырып, мугалимдик кесип боюнча билим алдым. Окуп жүргөн кезде эле, Аксынын Жаңы-Жол айылына келин болуп келдим. Ошентип, дипломумду алып, ошол эле айылдагы мектепте физика мугалими болуп иштеп жүрдүм. Кайын журтум түшүнүктүү анан билимдүү адамдар эле.

Үй-бүлө кургандан кийин 9 бала төрөп, мектептеги жумушту да тең алып кеттим. Өзүм дагы 10 бир туугандын эң улуусуна турмушка чыкканым үчүн кайын энем түшүнүү менен мамиле жасап, өзү да колунан келишинче жардам берип турчу. Айрым учурда мектептеги жумушумду биринчи орунга койчу элем. Бир күнү эртең менен кичинекей баламды бешикке бөлөп коюп, сабакка кетип, кайра түшкү саат 1:30да үйгө келсем балам дагы деле бешикте бөлөнүп жатыптыр. Ошондо кайын энеме бир аз капалангам, бирок ал мага дайыма колдоо көрсөтүп турчу. Өзүм балдарымдын нанын жаап, кирин жууп, мектептеги сабагымды да калтырбай иштеп жүрдүм», - дейт ал.

Мындан сырткары, ал окуучуларын Бишкектеги университеттерге алып барып, ал жерден физикалык жабдууларды көрсөтүү менен билим берет.

«Айылдагы мектепте анчейин шарт жок, мисалы сабакта өтүүчү токтун күчүн өлчөөчү амперметр, вольтметр деген жабдуулар болушу керек, тилекке каршы андай жабдуулардын баары союз убагынан калган. Бүгүнкү күндө заманбап аппараттар чыкты, тилекке каршы андай апараттар бизде жок болгондуктан Бишкекке 10 күнгө же 15 күнгө барып окуучуларга көрсөтүп келем. Мындай учурда окуучулардын физика сабагына болгон кызыгуусу күчөп, аны тереңдеп окууга аракет кылышат. Окуучуларга сапаттуу билим берүүгө аракет кылабыз. Жакында эле бүтүндөй өлкө боюнча олимпиада болуп, анда менин окуучум эң жогорку балл алды. Ошол окуучум биринчи орунду алганына абдан кубандым. Буга чейин 1974-жылы да бир окуучум физика сабагынан республикалык олимпиадада 2-орунду алган болчу», - дейт С.Умарова.

Пенсия курагындагы баатыр эне мектеп жамаатынын суранычы менен мектептеги ишин уланта тургандыгын белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2355
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×