Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Базар-Коргондо 110 үйдү каптап кетүү коркунучу жаралган Кара-Үңкүр дарыясынын жээги бекемделүүдө

Turmush -  Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында 28-март күнү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында «Алтын-Булак» пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

Кырсыкты болтурбоо максатында айыл аймактан 2 даана КамАЗ, 1 даана жүктөгүч тартылып, 3-апрель күнү 15 каттам таш ташылып, дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жээкти бекемдөө иш-чаралары уланууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 646
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×