Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Токтогулдагы жол кырсыктан 3 адам жабыркады

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 299-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык Токтогул районунун Торкент айыл аймагында 4-апрелде саат 02:05 чамасында катталган.

«Окуя болгон жерге ӨКМдин №97 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барганга чейин унаанын ичинде адамдарды медициналык кызматкерлер алып кетишкен. Жол кырсыгынан үч адам жабыркаган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 464
Көп окулду
×