Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Кара-көлдүк 3 окуучу математика боюнча республикалык олимпиадага жолдомо алды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынан 3 окуучу математика сабагы боюнча республикалык олимпиадага жолдомо алышты. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, 31-мартта 6-класстын окуучулары арасында математика сабагынан олимпиаданын облустук туру өтүп, ага Кара-Көл шаарынан 5 окуучу катышкан. Жыйынтыгында 1-орунду Садыркулов Кутман, 2-орунду Кадыров Касым жана Тагайбеков Бакай, 3-орунду Жеңишбек уулу Арсен, 5-орунду Уметов Марлен ээлеп, грамота менен сыйланышты.

Аталган олимпиаданын республикалык туруна К.Садыркулов, К.Кадыров, Б.Тагайбеков катышууга жолдомо алышты.

Окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалим Эльнура Чыналиеванын айтуусунда, балдарды олимпиадага даярдоодо логикалык ой жүгүртүүгө арналган мисалдар менен маселелерди чыгарууга өзгөчө басым жасаган.

«Окуучуларымды алтынчы класстар арасында математикадан олимпиадага АКМО жана жалпы республикалык тестирлөөдө буга чейин берилип жүргөн мисалдардын топтомдору менен даярдадым. Быйылкы 2017-2018-окуу жылында республикалык олимпиаданын облустук туруна 5 окуучум катышып, ийгиликтүү жыйынтыктар менен кайттык. Үч окуучубуз 5-апрелде өтө турган республикалык турга катышат», - деди ал.

Окуучулар №1 Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясында окушат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1021
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×