Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 03.04.2018 13:00

Жалал-Абаддын 3 тургуну ок атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн жеринен кармалды

Turmush -  Ала-Бука районунда бир нече жарандан ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 27-мартында Ала-Бука райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында 5-6-калибрдеги номуру өчүрүлгөн «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү куралды жана 12-калибрдеги 2 даана сайсыз ок атуучу куралды эч кандай документтери жок мыйзамсыз көтөрүп жүргөн жеринен 2 жаран кармалган. Алар Көк-Таш айылынын 48 жаштагы тургуну И.Н. менен Чоң-Сай айылынын 40 жаштагы тургуну М.А. экендиги аныкталган. Ошондой эле 35 жаштагы Н.А. аттуу тургун SARSILMAZ үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралы менен кармалган.

Ал эми Ак-Талаа районунун 54 жаштагы тургуну Р.Б., Кара-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну Д.Р., Үмүт айылынын 26 жаштагы тургуну Ж.И. жана Баетов айылынын 26 жаштагы тургуну К.М. өз ыктыярлары менен 12-калибрдеги, 20-калибрдеги жана 2 даана 32-калибрдеги сайсыз куралдардын стволдорун аймактык милицияга өткөрүп беришкен.

ИИМ мыйзамсыз курал сатып, ташып, куралдын негизги бөлүктөрүн жанына алып жүргөн жарандар, ошондой эле курал-жарактарды даярдагандар жана оңдогондор, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×