Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.04.2018 11:44

Кара-Көл ШИИБди бир айга жакын жетектеген Аркыт Нусубалиев кызматынан бошотулду

Turmush -  Кара-Көл ШИИБдин башчысы Аркыт Нусубалиев кызмат ордунан бошотулду. Аталган маалыматты өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, А.Нусубалиев 30-мартта ИИМдин башчысынын чечими менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Аталган кызматка ал ушул жылдын 7-мартында дайындалып, 19-мартта өздүк курамга тааныштырылган.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы ишиндеги кемчиликтер үчүн бир катар жетекчилер иштен бошотулгандыгын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×