Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.04.2018 17:53

Базар-Коргондогу жаңы көпүрө жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратуу менен курулууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылындагы жаңы көпүрө жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратуу менен курулуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамэкотехинспекциянын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы текшерүү жүргүздү. Жыйынтыгында Базар-Коргон айылынан өткөн Кара-Үңкүр дарыясынын үстүнө көпүрө курууда автокран менен курулуш материалдары иретсиз ташталып жатканы, куруучулардын иш жүргүзүүгө атайын күбөлүктөрүнүн жоктугу, коопсуздукту камсыздоочу атайын кийимдерди кийбегендиги аныкталды. Ошондой эле куруу иштери бүтө элек көпүрөдөн башаламан, кооптуу абалда жарандарды өткөрүү фактысы аныкталды.

Инспекторлордун айтымында, аталган көпүрөнүн курулушу толук кандуу бүтө элек. Бирок ага карабай жарандар өмүрүнө коркунуч жаратуу менен пайдубалы кургай элек бетондордон өтүп жатышат.

«Мунун менен куруучулардын гана эмес, жарандардын өмүрүнө чоң коркунуч жаралууда. Курулуш жүргүзгөн ишкананын шалаакылыгынан улам коопсуздук эрежелери такыр сакталбай жатканын адистер кошумчалашты.

Жеринде инспекторлор тарабынан аныкталган кемчиликтерди четтетүү максатында, Жалал-Абад курулуш башкармалыгындагы башчыга айып пул салынып, техникалык коопсуздук талаптарын сактап иш жүргүзүү туурасында эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×