Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Сузакта 7 млн сомго курулган спорт комплексте биринчи жолу эл аралык мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Сузак районунда жаштардын демилгеси менен 7 миллион сомго курулган спорт комплексте биринчи жолу эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу «Багыш» спорт клубунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мелдеш «Багыш» спорт клубунун уюшулгандыгынын 5 жылдыгына жана маркум Сагындык Аккөзовдун урматына арналды. Ага Тажикстан, Өзбекстан Республикаларынан жана Кыргызстандын бардык аймагынан 12-17 жашка чейинки 700дөй жаш спортчу келип катышууда.

«Саамалыкты уюштурууга кеткен каражаттардын бардыгын биздин клуб каржылап жатат. Тактап айтканда, чыгымдардын баарысын Кызыл-Туу айылынын 1982-1983-жылы туулган, чет жакта иштеп жүргөн жарандар көтөрдү. Максатыбыз спорт тармагын өнүктүрүүгө салым кошуу болуп саналат», - дешет клубдун мүчөлөрү.

Буга чейин Кызыл-Туу айылынын Россияда иштеп жүргөн жаштары 7 миллион сомго спорт зал куруп беришкендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 416
Көп окулду
×