Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.04.2018 11:36

Англис тилчи М.Куйпиева Кара-Көл шаарынын мыкты мугалими деп табылды (фото, видео)

Turmush -  Кара-Көл шаарында «Мыкты мугалим - 2018» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган сынакка №1 Т. Сатылганов атындагы мектеп гимназиясынын англис тили мугалими Куйпиева Меиз, №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили мугалими Мирзараимова Улара, №4 Д.Шоповов атындагы орто мектептин математика мугалими Колбаева Бакен, №5 К.Хуриев атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими Нурманбетова Жыргал, №6 Т.Темиров атындагы орто мектептин кыргыз тили мугалими Көкүмбаева Айзада катышты.

Сынак эки турдан туруп, 1-күнү жаңы технологиялык усулдарды колдонгон, компетенттүлүккө негизделген сабагынан 20-25 мүнөттүк фрагмент көрсөтүү болду. Экинчи турда катышуучулар мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүнүн портфолиосу, «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча жекесунушу, Аймактарды өнүктүрүү жылына каратта эссе тапшыруу, катышуучунун жеке хоббиси боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында «Жылдын мыкты мугалими 2018» сынагынын баш байгесин Куйпиева Меиз жеңип алды. Ал эми 1-орунду Мирзараимова Улара, 2-орун Нурманбетова Жыргал менен Колбаева Бакен, 3-орунду Көкүмбаева Айзада ээлеп, катышуучулар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чаранын алкагында шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева 60-65-70- жашка толгон ардагер 8 мугалимге акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле, республикалык предметтик олимпиадага катышып, Билим берүү жана илим министирлигинин сертификатына ээ болуп келген Султаналиева Алия, Байышбекова Айдайды куттукташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×