Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.03.2018 22:57

Жалал-Абадда Кыргызстандын супер кубогу үчүн «Алай» менен «Дордой» футбол командалары беттешет

Turmush -  Эртең, 1-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук Курманбек атындагы стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын супер кубогу өтүп, анда Оштун «Алай» командасы менен Бишкектин «Дордой» командасы беттешет.

«Алай» командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы Айбек Татановдун маалыматында, команда супер кубокту жеңүү үчүн мыкты даярданды.

«Алай» командасы 1967-жылы негизделген. 2013-жылы Кыргызстандын супер кубогун утуп алган. Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болгон. Команданы Ош шаардык мэриясы каржылайт. Кыргызстандагы футбол боюнча регламентинин талаптарына ылайык 5 өлкөдөн оюнчулар бар. Алар: Кениядан, Тажикстандан, Канададан Афганистандан, Камерундан бар. Супер кубоктун Жалал-Абадда өтүп жаткандыгынын себеби шаардын командасын түзүүгө үндөө болуп саналат», - деди А.Татанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×