Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 31.03.2018 15:20

Сузактагы рейдде соода кылган өспүрүмдөр аныкталып, мас абалда жүргөн 6 адам кармалды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 31-мартта ар улуттун өкүлдөрү жыш жашаган 300 миңге жеткен калкы бар Сузак районунда «Беспризорник» аталыштагы рейд өткөрүлүүдө.

Маалым болгондой, Сузак районунун борборунда ар жуманын бешинчи күнүндө дүң соода сатык жүргүзүлөт. Ошол учурда башка район шаарлардан келген өспүрүмдөр селсаяктык кылган учурлар кездешет. Ошондой эле, жашоо шарттары кризисттик абалда болгон, мектепте билим алууга тартылбай калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында өспүрүмдө менен иштөө инспексиясы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

«Рейд алкагында милиция кызматкерлери тарабынан 64 мектеп, каттоодо турган 113 өспүрүмдөр текшерилди. Ошондой эле, соода сатыкка чыккан 8 өспүрүм кармалып, алардын 5сү жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспексиясынын комиссиясына өткөрүлүп берилди.

Мында тышкары коомдук жайда мас абалда жүргөн 6 жаран кармалып, аларга карата тиешелүү протоколдор тузүлдү. Ал эми ЖККК тарабынан жол эрежеси бузуу боюнча 11 факты катталды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×