Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.03.2018 16:34

Мугалимдердин республикалык сынагында 3-орунду алган А.Исабековага эс алууга жолдомо берилди (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы тарбиячы Айзада Исабекова «Мугалим коомдун күзгүсү - 2018» республикалык кароо-сынакта 3-орунду ээледи. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, «Баластан» билим берүү уюмунун тарбиячысы А.Исабекова 3-орунду ээлеп, «Ажарлуу мугалим-2018» номинациясына ээ болду. Ага 3-даражадагы диплом, кир жуучу машина жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди.

Сынак Аймактарды өнүктүрүү жылына жана республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 4 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн. Бул сынакка өлкө боюнча жалпы 356 мугалим катышып, 1-турда 78 мугалимдин табыштамасы кабыл алынган. Анын ичинен 12 катышуучу финалга чыгып, интернет аркылуу добуш берүү жүргүзүлдү.

Сынактын жыйынтыктоочу туру 27-мартта Бишкектеги «Сейтек» борборунда өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×