Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 30.03.2018 11:55 Жаңыланды: 30.03.2018 17:11

Айыл турмушу: Илимдер академиясындагы ишин таштап, алыскы айылга мугалим болуп келген Д.Жумабаева максаттары менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Кыргыз улуттук илимдер академиясында 15 жылдан бери эмгектенип келген Дамира Жумабаева учурда алыскы айылда мугалим болуп иштөөдө. 38 жыл билим берүү тармагында иштеген Д.Жумабаева менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Аксы районунун Кербен шаарында туулган. Алгач Кербен шаарында иштеп, 2000-жылы Бишкек шаарына биротоло көчүп кеткен.

«Кербен шаарында мектепти аяктаган соң, Бишкек шаарында орус тилчи адистиги боюнча билим алгандан кийин Кербенге келип, мугалим болуп иштей баштагам. Алгач мугалим, кийин Аксы райондук билим берүү бөлүмүндө адис болуп иштедим. Балам мектепке бара турган учурда Бишкекке көчүп кетип, ал жерде 18 жыл жашадык. Борбордо кесиптик билим берүү агенттигинде иштеп жүрдүм. Кийин Кыргыз улуттук илимдер академиясында 15 жылдан ашуун эмгектендим. Ал жерде иштеп жүргөндө башка окуу жайларда сабак берүүгө уруксат бар эле. Мен бир эле учурда Улуттук университетте, Ислам университетинде сабак берип, мугалим болуп иштеп жүрдүм», - деди ал.

Ал ЖОЖдо иштеп жүргөндө орус тилин билбеген жаштар көп экенин көрүп, айылга барып иштөөгө бел байлаган.

«Окуу жайда иштеп жүргөнүмдө алыскы айылдардан орус тилин билбеген студенттер көп келди. Эмнеге орус тилин билишпегенин сурасам, мектепте орус тилчи мугалимдер жок экенин айтышты. Бул өтө чоң көйгөй болуп эсептелет. Жаштардын тил белбегени абдан өкүнүчтүү жана бул чоң көйгөй. Ошол себептен алыскы айылга барып, жаштарга орус тилин үйрөткүм келди. Айылда билим алууга ынтызар балдар көп. Мугалим жетишпей, алар билим алууда аксап калып жатышат. Менин айылга кетүүмө балдардын тил билбегени себеп болду. Мен Чаткал районунун эң алыскы Чакмак-Суу айылына барууну ойлондум. Райондук билим берүү бөлүмү менен сүйлөшсөм мугалим жетишсиз экенин айтты. Ошентип Чакмак-Суу айылына келип, иштеп баштадым», - дейт Д.Жумабаев.

Анын айылга мугалим болуп келүүсүнө каршылыктар болгон эмес. Үй-бүлөсү туура түшүнүү менен кабыл алган.

«Айылга мугалим болуп кетеримди жолдошум укканда элет жеринде кыйнала тургандыгымды айтты. Туугандарым дагы бир аз каршы болду. Бирок уулум мага колдоо көрсөтүп, айылда балдар мугалимге муктаж болсо, баруу керектигин айтты. Айылга келсем окуучулар, мугалимдер мени күтүп турушканы таң калтырды. Айылда балдар билимге муктаж экенин ошондо түшүнүп калдым. Буга чейин орус тилчи мугалимдер жетишпегендиктен бул сабак жакшы өздөштүрүлбөй калган экен. Учурда 10-11-класстын окуучуларын 1-2-класстын окуучуларын окуткандай эле окутуп жатам. Окуучуларын орус тилине болгон кызыгуусу күч», - дейт ал.

Борбордогу үйүн таштап келген мугалим учурда айылдагы кесиптешинин үйүндө жашап жатат.

«Айыл жеринде дагы иштесе болот. Борбордо кандай маяна алсам, бул жерде деле ошондой маяна алып жатам. Учурда кесиптешимдин үйүндө жашап жатам. Эгер мамлекет мугалимдерге шарт түзүп берсе, мугалимдер кайсыл жерге болсо дагы барып иштеши керек. Себеби мугалим окуучу үчүн баарына даяр болушу керек. Билимди жогорулатуу үчүн мугалимдердин айлыгын көтөрүү жетиштүү. Себеби мугалимдин айлыгы жогору болсо балдарды жакшы окутуп, билимге жакшы басым жасайт. Азыр бир дагы мугалимге үй берилип, тиешелүү шарт түзүлгөн эмес. Ошол себептен көбү шаарга качышат. Айыл жеринде билим берүү тармагы кейиштүү абалда», - дейт ал.

Дамира Жумабаева учурда 54 жашта. Чаткалдын Чакмак-Суу айылына келип иштеп жатканына 2 айдын жүзү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×