Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 30.03.2018 07:59

Базар-Коргондо деңгээли көтөрүлгөн Кара-Үңкүр дарыясынын агымы көзөмөлгө алынды

Turmush -  Базар-Коргон районундагы жаандан улам деңгээли көтөрүлүп, үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган Кара-Үңкүр дарыясынын агымы көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-март күнү саат 14:00 чамасында Сейдикум айыл аймагына катуу жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен Кызыл-Ай айылындагы «Алтын-Була» пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. 29-март күнү ӨКМден экскаватор жана айыл аймактан 4 «КамАЗ», 1 жүктөгүч тартылып, узундугу 260 метр, бийиктиги 2-2,3 метр дамба куруу жумуштары аткарылды. Аталган дарыянын жээктерин бекемдөө үчүн 32 рейс таш бетон ташылып, саат 17:00дө суу каптоо коркунучу жоюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×