Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 29.03.2018 14:45

Майлуу-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, канал жана суу түтүктөр жабыркады

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 26-27-28-март күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан кийин Майлуу-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлдү. Анын кесепетинен Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кара-Жыгач айылында февраль айында ӨКМ жана мэрия тарабынан курулган каналды суу жууп кетти.

Ошондой эле дарыя оң жакка — мурунку эски нугуна бурулуп, шаарды таза суу менен толук камсыз кылган суу түтүкчөсүнө жана 2017-жылкы жер көчкүнүн айынан жаңы салынган ички чарбалык унаа жолго коркунуч жаралган. Адамдар жабыркаган жок.

Учурда шаардык жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×