Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралды (фото, видео)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилип, Кара-Үңкүр дарыясынын жээги бекемделүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-мартта саат 14:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасындагы «Алтын-Була» пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган. Буга байланыштуу Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, дарыянын жээгин бекемдөө үчүн ӨКМдин өзгөчө чара көрүү түштүк борборунан 1 экскаватор, айыл аймактан 4 КамАЗ, 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Дарыянын жээктерин бекемдөө үчүн таш ташылып, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевдин тапшырмасы менен ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ жерине барып, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иш-чараларын уюштурган. Жээкти бекемдөө иштери улантылууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 29 адам окуп жатат)
×