Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Нарын ГЭСтин жумушчулары иш менен камсыз болот

Turmush -  «Нарын ГЭС» ААКтын жумушчулары иш менен камсыз болот. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-мартта «Электр станциялар» ААКтын филиалдарынын директорлорунун катышуусунда чогулуш болуп өттү. Ал иш-чарада Нарын ГЭСи үчүн 2018-жылга бериле турган иштер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Жакынкы аралыкта тендер өткөрүлүп, Нарын ГЭСтин жумушчулары иш менен камсыз болушмакчы.

«Нарын ГЭС» ААКтын Соцфондго жана салык кызматына, жумушчулардын айлык акысына болгон карыздар боюнча маселе бүгүнкү күндө өкмөттүк деңгээлде каралып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми жакында жумушчуларга айлык акы таратылып берилди. Мындан ары белгиленген каражаттар которулса, мекеменин жумушчуларына айлык маяна дагы таратылат», - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Нарын ГЭС мекемесинде 360 жумушчу эмгектенсе, аталган ишкананын 97%ы мамлекетке карайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 872
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×