Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 28.03.2018 18:29

Бишкек—Ош жол каттамы жабылат, - ӨКМ

Turmush -  Туруксуз аба ырайына байланыштуу Бишкек—Ош автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-марттан 30-мартка чейин Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамы жабылат.

«Таңкы 06:00дө кайрадан бардык посттор ачылат. Андыктан, жүргүнчүлөргө Бишкек—Ош унаа жолу менен кечке маал алыскы сапарга чыкпоону эскертебиз», - деп айтылат маалыматта.

Республиканын аймагында 27-30-мартта туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×