Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук Ж.Жолдошева шырдак, кийиздерин 10 миң сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылынын 62 жаштагы тургуну Жаанбү Жолдошева шырдактарды жасап, кыздардын себине даярдайт. Элеттик кол өнөрчүнүн эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал тигүүчүлүктү мектепте окуп жүргөндө өздөштүргөн. Учурда ал үйүнүн бир бөлмөсүндө кол өнөрчүлүк менен алектенет. Күн сайын 6 келин келип, казанга суу кайнатып, жүндү боёо менен ишти башташат.

«Тигүүчүлүктү апамдан үйрөнгөм. Апам көбүнчө айылдагы аялдардын туш кийиздерин, курактарын, жада калса куржундарга чейин тикчү. Апам жасаган иштерин карап отуруп эле өздөштүрүп алдым. Кийинчерээк өз алдымча тигүүчү машина менен иштеп баштадым. Бүгүнкү күндө айылдагы кыз-келиндериндин себин жасоо үчүн буйрутма алабыз. Мындан төрт жыл мурун айылдагы кол өнөрчү келиндерди топтоп, үйдөн бир бөлмө бөлүп, чакан бөлмө ачканбыз. Ошол жерде бардык буйрутмаларды жасап жатабыз», - дейт ал.

Ж.Жолдошева короодогу койлордун жүнүн кыркып алып, аны шырдак, кийиз жасоого колдонот.

«Жүндү сатып албастан короодогу койлордун жүнүн кыркып алып, аны шырдак жана кийиз жасоого колдоном. Бир шырдакты жасоо үчүн 3-4 күн убактыбыз кетет. Жасап бүткөн соң, аны 8 миң сомдон 10 миң сомго чейин сатам. Учурда кийиз иштетүүгө өзгөчө басым жасап калдык, анткени кийизден жасалган буюмдар өтө бышык жана кооз көрүнөт. Кийизден калпактарды, улуттук кийимдерди тигип, андан ашкан кыркындыларынан азем белектерди жасап, туугандарга, коңшу колоңдорго белек катары берем. Учурда улуттук орнаменттер түшүрүлгөн буюмдар өтүмдүү болууда», - дейт ал.

Ж.Жолдошева чакан ишканасын кеңейтип, андагы кол өнөрчү келиндердин санын көбөйтүүнү пландап жатканын жана Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна өзү жасаган эмгектерин алып барарын белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1033
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×