Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Ала-Букада «Достук кербени» иш-чарасында улуттук тамак-аштын 100гө жакын түрү жасалды (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда «Достук кербени» иш-чарасында тамак-аштардын түрлөрү жасалып, көргөзмөгө коюлду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарада тургундар жасаган тамак-аштарын көргөзмөгө коюшту. Учурда улуттук даамдардын 100гө жакын түрү жасалды. Мындан сырткары, кол өнөрчүлөр жасаган буюмдарын көргөзмөгө алып чыгып сатууда.

Аталган иш-чаранын алкагында спорттун 4 түрү боюнча дагы мелдештер уюштурулду. Анда шахмат, кол күрөш, аркан тартыш жана футбол боюнча мелдеш өттү. Жыйынтыгында мыкты спортчуларга атайын сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 568
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 30 адам окуп жатат)
×