Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 28.03.2018 13:11 Жаңыланды: 28.03.2018 17:20

Мекендештер: 34 жаштагы Минура Москвага жаңы барганда жердештерине таң калганын айтып берди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылынын 34 жаштагы тургуну Минура Сагындыкова Москва шаарында чыгыш таттууларын жасоо менен алектенет. Өзүнүн айтымында, ал Москва шаарында иштеп жүргөнүнө 5 жыл болду.

«Тай эжемдин чакыруусу менен келгем. Еврейлердин чакан кондитердик цехинде үч жылдан бери чыгыш таттууларын жасап иштейм. Кардардын берген буйрутмасына жараша кооздойбуз. Москвадагылар чыгыш таттууларын аябай жактырышат. Айлык маянам 36 000 рубль жана ай сайын 5 000 рубль сыйлык берилет», - дейт ал.

Ошондой эле ал Москва шаарына жаңы барганда кабылган кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

«Жаңы келгенде батирге кирсем көп адамдар бар экен. Мен майрам же туулган күн тосуп жатышкан окшойт, коноктор качан кетет деп күтүп отура бердим. Алар кетсе, эс алат элем деп ойлонуп отурган элем. Бир маалда батирде жүргөн адамдар бөлмөнүн ар кайсыл жеринен орун алып жата башташса, мен: «булар үйлөрүнө кетишпейби?» деп сурадым. «Булар ушул жерде жашашат» деп жооп беришти. Ошондо абдан таң калгам. Биздин мекендештер ушундай кыйынчылыктарга карабастан иштеп, үй-бүлөсүн багууга аракет кылып жүрүшөт. Алгач келгенде баары эле дароо бутуна туруп кетпейт, бир батирде баш калкалап жашап, жакшы жумуш тапкандан кийин өзүнчө бөлүнүп кетишет. Мындай кыйынчылыкка көп эле мигранттар кабылса керек. Мен дагы ошондой шартка бара-бара көнүп кеттим.

Бош убактымда адабий кечелерге барам. Бир же эки жылдан кийин Кыргызстанга барып, чакан цех ачууну пландап жатам», - деди М.Сагындыкова.

Ал эки уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×