Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 28.03.2018 11:56

Кербендеги турак үйлөрдү суу каптады

Turmush -  Кербен шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен каналдын мурун тешилген жеринен суу ашып, көчөнү каптады. Анын кесепетинен бүгүн, 28-мартта саат 00:50 чамасында 4 турак үйдүн короосуна суу кирген, деп билдирди ӨКМ.

Тазалоо иштерине куткаруучулар менен бирге жергиликтүү тургундар чыгышты. Анын жыйынтыгында каналдын тешилген жери убактылуу жабылып, кырдаал жөнгө салынган. Каналды калыбына келтирүү иш-чаралары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×