Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 28.03.2018 11:27

Тагдыр: Бир бөйрөгүн алдырып, оор абалда төшөктө жаткан С.Надировага жөлөк пул берилбейт (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын 37 жаштагы тургуну Сокина Надирова майыптыгы үчүн жөлөк пул ала албай келет.

Өзүнүн айтымында, ал ден соолугуна байланыштуу акыркы 3 жылдан бери төшөктө жатат. 2015-жылы бир бөйрөгүн алдырып, кийин экинчи бөйрөгү дагы иштебей калган. Жакындары тиешелүү органдарга кайрылып, ага мамлекеттик жөлөк пул алууга аракет кылышкан. Бирок 3 жылдан бери жөлөк пул бериле элек.

«С.Надирова бир бөйрөгүн алдыргандан кийин экинчиси иштебей калган. Бир айда эки жолу гемодиализ алууга мажбур. Ал ооруп калгандан кийин күйөөсү таштап кетти. Учурда атасынын үйүндө жашап жатат. Атасынын дагы ден соолугунун абалы начар. Майыптыгына байланыштуу жөлөк пул алуу үчүн тиешелүү органдарга 2016-жылдан бери кайрылып жатабыз, бирок жыйынтык жок. Мамлекеттен жардам берилсе дарыланууга шарт түзүлөт эле», - дейт анын жеңеси.

Ал эми Аксы райондор аралык медициналык социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы Акмат Аныбаров жабырлануучунун анализдери майып деп эсептөөгө туура келбегенин айтты.

«С.Надирова бизге кайрылып, бир бөйрөгүн алдырганын айткан. Бирок анализдерин алганда майыптык топко чыгууга туура келбей калган. Кийин ал кайрадан кайрылгандыктан аны 1-топтогу майып деп каттадык», - дейт А.Аныбаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×