Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Россияда иштеген сузактык жарандар өз айылына 7 млн сомго спорт зал куруп беришти (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 7 миллион сомго курулган заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Туу айылындагы жаштардын демилгеси менен спорт зал куруу кадамы былтыркы жылдын май айында башталган. 500 орунга ылайыкташкан спорт залда кичи футбол, волейбол, баскетбол жана күрөш боюнча мелдештерди уюштурууга болот. Мындагы залды түптөөгө «Багыш жаштары» коомдук фондуна мүчө болгон мигрант жаштар колдоо көрсөтүшкөн.

Фонддун өкүлдөрүнүн маалымдоосунда, айылда биринчи жолу заманбап спорт зал курулду. Эми бул объектинин алдына 2 миллион сомго жаштар аллеясын куруу пландалууда.

«Россия Федерациясында иштеп жүргөн жарандар өз айылына колдоо көрсөтүүнү максат кылып, атайын фонд түзүүнү демилгелешкен. Ага 400дөн ашуун жаран мүчө болгон. Алар фондго өз каалоосу менен айына миң сомдон берип турушат. Ал каражат айылдын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат. Буга чейин айылдагы ички жолдун 1 чакырымына асфальт төшөп беришкен», - деп билдиришти аталган фонддун өкүлдөрү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2144
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×