Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Кара-көлдүк 58 жаштагы Б.Шадыканова бала чактагы талантын өркүндөтүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 58 жаштагы тургуну Шадыканова Бурайым жамактап ыр жазган акын.

Өзүнүн айтуусунда, ал 1960-жылы Таш-Көмүр шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы эрте кайтыш болуп, апасы Шадыканова Алтынбү 7 баланы жалгыз бой чоңойткон. Кызынын жаштайынан жамактап ыр жазганын байкаган эне аны «Сен Коргоол абаңды же таятаңды тартып, ырга жакынсың. Сенден бир нерсе чыгат» деп, Ош шаарындагы педагогикалык институттун кыргыз тили жана адабияты факультетине жөнөткөн. Бирок ал жогорку окуу жайга өтпөй калган. 1978-1994-жылдар аралыгында Кара-Көл шаарындагы «Достук» заводунда тетиктерди курап чогултуучу (механизатор) болуп эмгектенген. Учурда 4 кыз, 2 уулдун энеси.

Ал жогорку окуу жайын бүтүрүп, билимин өркүндөткөндө мааниси терең, философиялык ырларды жазууга шарт түзүлмөк деп эсептейт.

«Эргүү келген учурда ыр жазам. Апам Алтынбү жамактап ыр төгүп, кошок кошчу. Таятам да ыр жазчу экен. Ал эми атам белгилүү төкмө акын Коргоол Досуев менен бир уруудан чыккан адам болгон. Эгер мен дагы жогорку окуу жайдан билим алсам, калемим курчуп, мааниси терең ырларды көбүрөөк жазат белем деп ойлойм», - деди ал.

Анын айтуусунда, ыр жазууга болгон шыгы 9-10-класста ойгонгон.

«Мектепте окуп жүргөндө ыр жазып жүрдүм. Ошол кезде жазган ырларымды сактап койбоптурмун. Турмуш кургандан бери ыр жазууга убакыт болгон жок. Балдар чоңоюп, 2014-жылдан бери эле баягы бала чактагы эргүүм кайра келип, ыр жазып баштадым. Учурда 30га жакын ырым бар. Көбүнчө кыз узатуу тоюна, үйлөнүү, сүннөт тойлорго жана маараке ээлерине арнап ыр чыгарам», - деди Б.Шадыканова.

Кош келгиң Нооруз

Комузчу, колуңа алып черткиң комуз,

Шаңшып бир чыксын ааламга добуш.

Аластап келди жаңы жылым,

Карытып канча жылдарды Нооруз.

Жер жарылып чөп чыкты жаңы,

Желин айрылып ууз чыкты жаңы.

Кош келгин жаңы жаңырып жылым,

Жап-жаш бойдон эл жериң жаңы.

Маарек болуп майрамдын шаңы,

Жаркырап атсын жеримдин таңы,

Марамда ырдап, бийлейли калкым,

Ноорузда баары, пейил да жаңы.

Эл улуу Ильязга

Демөөрчү болуп биздин Ильяз уулубуз,

Ыраазы болуп алкыш айтып турубуз.

Эл уулуна чын ден соолук каалайбыз,

Түбөлүккө калк кызматын кылыңыз.

Кара-Көлдү гүлдөтөлү жалпыбыз,

Түбөлүктүү жашай турган туурубуз.

Ильяз уулум элиң менен эл болуп,

Иштей бергин адилетүү мэр болуп,

Алды-артыңдан чыкса эгер каршылык,

Эч чегинбе кайрат көрсөт шер болуп.

Элиң сени урматташат, сыйлашат,

Сый урматка жүргүн уулум тең болуп.

Шаарың үчүн бар күчүңө таян да,

Элиң үчүн эмгегиңди аянба.

Алды-артыңда алдамчылар көп болор,

Сен ишенбе! Алданбагын аярла.

Элиң үчүн талыкпастан иштегин,

Ишиң калсын тарых болуп баянда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1368
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×