Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.03.2018 14:46 На русском

Базар-Коргондо мектептен үйгө бараткан эки окуучу кызды унаа сүзүп, бири каза болду (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Бай-Мундуз айылында эки окуучу кызды унаа сүзүп, бири жол кырсык болгон жерде каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, айылдагы №22 Камал Тагаев атындагы орто мектептин 7-классынын окуучулары М. кызы А. менен Ж.Л. мектептен үйлөрүн көздөй бара жатканда унаа сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган Ж.Л. окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми 2005-жылы туулган М. кызы А. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев маалыматты тастыктап, жол кырсык 26-мартта саат 17:00 чамасында болгонун айтты.

Анын айтымында, Бай-Мундуз айылынын 1996-жылы туулган тургуну Ы. уулу Т. «ВАЗ 21074» үлгүсүндөгү унаасы менен түндүк тараптан түштүк тарапты көздөй бара жатып, рулду башкара албай калган. Унаа жолдун оң жээгинде бара жаткан эки окуучу кызды сүзүп, кайра сол жака сүрүлүп, даракты сүзүп токтогон.

«Айдоочу окуяга күбө болгон жарандардын жардамы менен окуучу кыздарды башка унаага салып, райондук ооруканага алып барышкан. Бул кырсыктан 7-класстын окуучусу Ж.Л. ооруканага жетпей көз жумган, бирөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана тергөө ыкчам тобу барган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү иштер аткарылган. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө», - деди ал.

Ал белгилегендей, жыл башынан бери өспүрүмдөрдүн катышуусунда 20 жол кырсыгы катталып, кырсыктан улам эки өспүрүм каза болгон. 20 өспүрүм ар кандай жаракат алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×