Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуАксы району 26.03.2018 13:08

Аксыда спорттун 4 түрү боюнча «Достук кербени» мелдеши өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-мартта Аксы районунун Кербен шаарында «Достук кербени» аталышында спорттук мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу акимиаттан маалымдашты.

Маалыматка караганда, иш-чарага 1 миңге чукул адам катышып, спорт чеберлери жаштарга ийгиликтери тууралуу айтып берүүдө.

«Учурда спорттун футбол, аркан тартыш, шахмат жана кол күрөш түрлөрү боюнча мелдеш өтүүдө. Мелдештерге 14 жаштан 28 жашка чейинки адамдар катышат. Мындан сырткары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлду», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×