Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Чаткалда мугалимдер арасында өткөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Чаткал районунда мугалимдер ортосунда спорттук мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Мухаммедалы Эшназаров билдирди.

Анын айтымында, райондогу билим берүү кызматкерлеринин 23-спартакиадасы өттү. Ага район боюнча эркектерден турган 13 команда, аялдардан турган 7 команда, жалпысынан 20 команда катышып, спорттун волейбол, шахмат жана теннис түрлөрү боюнча күч сынашты.

Мелдештин соңунда калыстардын чечими менен волейбол боюнча эркектер арасында 1-орунду Исмайыл уулу Матиш жана Ж.Ташкеев орто мектебинин мугалимдеринен турган команда багындырды. 2-орунга Чакмак-Суу орто мектебинин командасы ээ болду. 3-орунду Сумсар, Ю.Гагарин, В.Ленин жана Терек-Сай орто мектептеринин курама командасы алды.

Ал эми аялдар арасынан 1-орун Исмайыл уулу Матиш орто мектебинин командасына берилди. 2-орунду Чакмак-Суу орто мектебинин командасы ээлесе, 3-орун Башкы-Терек орто мектебинин командасына ыйгарылды.

Шахмат боюнча 1-орунду Башкы-Терек орто мектебинин мугалими Ж.Алиев, 2-орунду А.Баймырзаев орто мектебинин мугалими К.Смаилов, 3-орунду Терек-Сай орто мектебинин мугалими Н. Анарбаев ээледи.

Теннис боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү да аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Мугалимдердин спорттук мелдешинде жалпы 60 миң сом сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 485
Көп окулду
×